25.09.2020
Урматтуу окурмандар! Университетибиз үчүн 24.10.2020-жылга чейин European Books England мекемеси тарабынан түзүлгөн "EduFunding Index" жана "EduPrograms Index" электрондук маалымат базаларына акысыз байланыш ачылды.
EduFunding Index - European Books Ltd. тарабынан чыгарылган жана жарым жылда бир жаңыланып турган ЖОЖдогу (бакалавр, магистр, докторантура ж.б.) илимий изилдөө үчүн дүйнөлүк стипендиялар жана гранттар каталогу болуп эсептелет.
ЖОЖ студенттерине: бакалавриат (55 миңден ашык стипендия), магистратурага (50 миңден ашык стипендия), докторантурага (40 миңден ашык стипендия), курска (35 миңден ашык стипендия) 180.000 ден ашуун стипендия сунуш кылган беш миңден ашуун колдоочулар жөнүндө жалпы маалымат булагы болуп саналат.
EduPrograms Index - European Books Ltd. тарабынан чыгарылган жана жарым жылда бир жаңыланып турган англис тилдүү мамлекеттердеги жана Европадагы жогорку билим берүү программалары болуп эсептелет. Англис тилдүү мамлекеттерде (АКШ, Канада), Улуу Британияда, Ирландияда, Австралияда, Жаңы Зеландияда, Европанын университеттеринде (анын ичинде Европа Бирлигинин 33 өлкөсү) 290,000ден ашуун жогорку билим берүү программалары (бакалавриат, магистратура, докторантура, даярдоо курсу, магистратура) жөнүндө маалыматтарды камтыган маалымат жана маалымдама булагы болуп саналат.